Медицина факультетинде “Студенттикке кабыл алуу” аземи (2019-ж.11-октябрь)

2019-10-11 16:36:16 82

2019-жылдын 11-октябрь күнү C.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драмтеатрында Медицина факультетинин 1-курсунун студенттерин “Студенттикке кабыл алуу” аземи болуп өттү. Кечеге факультеттин деканы Исмаилов Алимбек Адылбекович баштаган профессордук-окутуучулук жамаат, ата-энелер жана 1-6-курстун студенттери катышышты. Факультеттин деканы, доцент Алимбек Адылбекович аземди ачып берип, факультеттин босогосун аттаган студенттерге, жалпы эле факультеттин студенттеринин окууларына ийгилик каалап өттү. Аземдин жүрүшүндө биринчи курстун студенттерине билимдин символикалуу ачкычы жана студенттик билет тапшырылды. Андан соң студенттер болочок дарыгердин антын кабыл алышып, залдагы меймандарга өздөрү даярдашкан концерттик программаларын тартуулашты.