Медицина факультетинде Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күндөрү биргеликте белгиленди.

2020-03-05 11:26:53 97

5-Март Медицина факультетинде 3-март Кыргыз Республикасынын Туусу күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө арналган салтанат болду. Салтанатта сөз сүйлөгөн факультеттин деканы Исмаилов А.А. Кыргыз Республикасынын Туусунун мааниси жана Кыргыз мамлекетинин мамлекеттүүлүгүндө алган орду тууралуу учкай токтолуп, студенттердин мекенчилдик сезимин ойготуу менен, кыргыз элинде ак калпактын барк тууралуу айтып, ак калпак күнү мекенчил жаштарды тарбиялоо, улуттук каада-салттарды, кийимдерди, алардын ичинен кийимдердин эң ыйыгы болгон Ак калпактын өзгөчөлүктөрүн даңазалоо иретинде майрамдалып жатканын билдирип, жалпы студенттерди майрамы менен куттуктады. Эскерте кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Ырысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, 2011-жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында белгиленип келе жатат. Ал эми, Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги 1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.