Январь,2021:Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо

2022-01-18 09:12:25 199

Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жобосуна ылайык ОшМУнун медицина факультетинин деканын шайлоо өткөрүү боюнча ректордун №11-ФХД/22 буйругунун негизинде, уюштуруу комитети түзүлдү. Уюштуруу комитетинин төрагасы ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент Замирбек Божонов. Факультеттин деканын шайлоо боюнча курамда ОшМУнун окумуштуу катчысы Дж.Асанбекова, ОшМУнун укук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы У. С. Суеркулов, ОшМУнун кесиптик кошунунун төрагасы, доцент А. Э. Саттаров, Медицина факультетинин ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология кафедрасынын башчысы, профессор М. А. Арстанбеков, Медицина факультетинин кесиптик бирлигинин төрагасы, ага окутуучу Н. А. Манасов, Медицина факультетинин деканынын тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча орун басары, окутуучу Г. М. Гульжигитов бар. Комиссиянын чечимине ылайык талапкерлерди каттоо 10-январда башталып, шайлоо 21-январь күнү өтөт.