ИМАМ САРАХСИЙ аттуу илимий эл аралык конференция ( 27 Август 2022 жыл).

2022-08-29 20:35:13 129

27.08.2022ж. ОшМУнун чон актылык залында «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалдын алкагында ОшМУда “Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы” аталышындагы эл аралык конференция өттү . Аталган иш-чарага КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бийлик өкүлдөрү, Түрксой Эл аралык Түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Евразия жазуучулар союзунун башчысы Якуб Өмероглу, Памуккале университетинин ректору Ахмет Кутлухан, ректор Кудайберди Кожобеков, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, дүйнөлүк уюмдардан өкүлдөр, окумуштуу, аалымдар жана факультеттердин декандары,орун басарлары,кафедра башчылары жана илимий иштер боюнча жооптуулар катышышты.Конференцияда ислам аалымы Имам Серахсинин өмүр жолу, ислам дининдеги Ханафий мазхабы жана фикх илимине кошкон салымы, эмгектери боюнча айтылды. Эл аралык жыйында ОшМУ Түрксой Эл аралык Түрк маданияты уюму жана Памуккале университети менен кызматташуу келишимине кол коюлду. «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалы жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында быйыл экинчи ирет уюштурулуп жатат.