ОшМУнун медицина факультетине жаңы окуу жылына карата материалдык техникалык жактан жакшы шарттар түзүлүүдө!

2022-09-16 19:43:13 132

ОшМУнун медицина факультетине жаңы окуу жылына карата материалдык техникалык жактан жакшы шарттар түзүлүүдө! Биздин факультетке кирүүчү көпүрө кеңейтилип, чекелери кооздолуп, үстү жаан чачындан тосотургандай жабылды! Көпүрөдөн өтүп баратып Ак-бууранын шарына көңүл бурбай коюууга болбойт! Факультеттин алдында боз үйлөрдү арчаларды, гүлдөрдү, жаркырап турган чырактарды көрүп шаарыбыздын ар тарабынан келген меймандар суктанып келишет! Жаштардын сейилдегенин, чыгармачыл адамдардын видео клиптерди тартып жүргөнүнө сыймыктанабыз! Университеттин жетекчилигине жылдан жылга жаңылануу болуп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!