Окуу волонтердук практика.

2023-01-19 12:09:38 75

ОшМунун медицина факультетинин дарылоо иши адистигинин 1 - курсунун студенттерине ички оорулар 2 кафедрасынын башчысы Садыкова А.А. жана кафедранын окутуучулары тарабынан окуу волонтердук практика 2023-жылдын 9-14-январга чейин ар кандай багыттарда: социалдык,экологиялык,маданият,медициналык, донордук,патриоттук,спорттук,медиа волонтердук практика ѳткѳзүлдү. Практиканын максаты: волонтердун (адистин) социалдык ролун ѳнүктүрүү аркылуу кесиптик чѳйрѳгѳ киргизүү, студенттердин жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларын калыптандыруу, ошондой эле профессионалдык инсандар аралык коммуникация кѳндурмѳнун ѳнүктүрүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү. Муктаж адамдарга жана калктын аярлуу катмарына жардам кѳрсѳтүү. Окуу- волонтердук практикасын ѳткѳрүүдѳ кѳптѳгѳн мекемелер менен келишим түзүлдү: “Сулайман-Тоо” УТАМК, Ош обустук кан борбору, Ойчуева Ж.Р . Медицина факультетинин китепкана, Т. Сатылганов атындагы Ош обл.китепкана, Спорт комитети, Ош Тазалык, Ош шаардын билим беруу башкармалыгы, Тумар студия “Метр”, Кызыл ай коому, ОшМунун журналистика факультети. Окуу волонтердук практикасынын негизинде студенттер коом менен мамиле тузууну,адептик,маданий жана тарыхий баалулуктарды сактоону үйрөнүштү.