2023-01-24 14:13:36 71
2023-жылдын 17-январында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өзүнүн Ош мамлекеттик университети менен болгон жолугушуусунун алкагында окуу жайдын эл аралык медицина факультетинде болду. А.Жапаров аталган факультеттин виртуалдык клиникасы, илимий долбоорлордун көргөзмөсү жана “Жаштар бизнес паркынын” стартап долбоорун көрдү. Аталган иш чарага факультеттин Фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы кафедрасынын окутуучулары да, өздөрүнүн илимий изилдөө иштерин жана илимий долбоорлорун көргөзө алышты.