“Өндүрүш аркылуу студенттин кесиптик компетенцияларын калыптандыруунун ролу”

2023-02-18 15:15:55 214

Бүгүн 18.02.2023 Медицина факультетинде ОШМУ нун ӨНДҮРҮШТӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТАР ДЕПАРТАМЕНТИнин 2022-2023 - окуу жылынын февраль айындагы бекитилген иш пландын негизинде декандын орун басарлары Д.Ж.Жообасарова жана Эркинали уулу Б, Табалдыев А., тарабынан “Өндүрүш аркылуу студенттин кесиптик компетенцияларын калыптандыруунун ролу” аттуу семинар уюштурулду. Семинарга Кыргызстандын түштүк аймагынан келген медицина жана фармацевтика мекеме - уюмдарынын жетекчилери, өкүлдөрү катышышты. Кесипкөй компетенттүү адис даярдоодо жумуш берүүчүлөр менен пикир алмашуу жана талкуулар болуп өттү. Жумуш берүүчүлөр билим берүүдөгү көйгөйлөрдү жана пайдалуу сунуштарды айтышты. Кызыктар тараптарга медициналык билим берүү программалары, онүгүү стратегиялар боюнча маалымат берилип, кызуу талкуу болду. Семинардын аягында резолюция кабыл алынып, семинар максатына жетти.