ОшМУнун медициналык факультетинин «Коомдук саламаттыкты сактоо» кафедрасынын 2023-жылдын 25- мартында болуп өткөн отуруму

2023-03-25 07:20:41 106

“Коомдук саламаттыкты сактоо” кафедрасынын башчылык ваканттык кызмат ордун ээлөө үчүн конкурстук шайлоого катышкандар м.и.д, профессор Т.М. Мамаев жана м.и.к., доцент Бекешова Элизанын кафедранын кызматкерлери менен жолугушуусу. Кафедранын отурумунун төрагасы, медицина факультетинин деканынын орун басары, доцент М.К. Тажибаев тарабынан кафедра башчысына талапкер профессор Т.М. Мамаевге өзүнүн 5 жылдык отчетун жана программасын айтууга сөз берилди. Профессор Т.М. Мамаев өзүнүн акыркы 5 жыл бою кафедра башчысы кызматында аткарган иштери жана алдыда аткарыла турган программа-платформасы боюнча маалымат берди. Бекешова Э. 15 жылдан бери медицина тармагында иштеп, азыркы учурда Эл аралык медицина факультетинде «Клиникалык дисциплиналар» кафедрасында окутуучу жана больницада терапевт болуп иштээрин белгилеп өттү. Профессор Мамаев.Т.М агайдын коп жылдык эмгектерин абдан баалап сыйлаарын жана озунун конкурска талапкерлигин койгондугун билдирди.