Общая хирургия

1993-жылы, алгач Ош мамлекеттик университетинде медицина факультети негизделгенден кийин “Клиникалык дисциплиналар” кафедрасы уюшулган, 1996-жылы андан “Хирургиялык оорулар” кафедрасы түзүлгөн, ал эми 2007-жылдан баштап бул кафедра “Жалпы хирургия” кафедрасы болуп өзгөргөн.

Кафедраны 1993-2007-жылдары медицина илимдеринин кандидаты, доцент С. Ф. Анаркулов жетектеген. Ал 1985-2002-жылдары Ош облустук саламаттык сактоо башкармалыгында башкы хирург катары эмгектенген. С. Ф. Анаркулов кафедранын гана эмес, факультеттин түптөлүшүнө жана өркүндөшүнө өзүнүн олуттуу салымын кошкон. Ошол мезгилде кафедранын курамы түптөлүп, алгачкы илим изилдъъ иштери башталган. Кафедранын курамын Ош шаардык ооруканада эмгектенген тажрыйбалуу илимий даражасы бар врач-хирургдар түзгөн, алар медицина илимдеринин кандидаттары: Т. О. Мирзараимов − № 1 хирургия бөлүмүнүн башчысы, Ош шаарынын башкы хирургу, А. Б. Бугубаев – №2 хирургия бөлүмүнүн башчысы. Кафедранын иши практикалык медицина менен тыгыз байланышта болуп, студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүнъ ыёгайлуу шарт тзлгън.

2007-2014-жылдары кафедраны медицина илимдеринин кандидаты, доцент О.Р. Райымбеков жетектеген.

Кафедраны 2014-жылдын апрелинен баштап медицина илимдеринин доктору, профессор А.А.Муратов жетектеп келе жатат. 2006-2012-жылдары ал хирургиялык оорулар кафедрасынын доценти, профессору болуу менен бирге, Ош шаардык аймактык ооруканасынын директорунун орун басары, директору, 2012-2014-жылдары Ош облусунун хирургия кызматынын координатору жана ошондон бери Ош облусунун жана шаарынын Хирургиялык коомунун търагасы болуп эмгектенип келдъ. А.А.Муратов 2010-жылдын 13-майында Бишкек шаарында Улуттук хирургия борборунун Окумуштуулар кеңешинде «Хирургия практикасын социалдаштыруу, дарттапма процессин индустриялаштыруу жана дарылоо ыгын жекелештирүүнүн илимий негиздери» аттуу темада докторлук диссертациясын коргогон, диссертация КР ЖАК тарабынан 2011-жылдын 11-ноябрында бекитилген. Бул диссертация медицина тармагында биринчи жолу кыргыз тилинде аткарылган диссертация болду. Жалпы хирургия кафедрасында медицина факультетинин дарылоо, педиатрия, стоматология, медико-профилактикалык иш бөлүмдөрүнүн студенттери хирургиялык оорууларды асыроо, пропедевтикалык хирургия, жалпы хирургия, факультеттик хирургия дисциплиналары боюнча билим алышат. Кафедрада 13 окутуучу эмгектенет, алардын ичинен 1 илимдин доктору, профессор, 4 илимдин кандидаттары, 2 доцент, 2 улук окутуучу бар.

Кафедра «Хирургиялык оорулардын дарттабуусун жана хирургиялык дарылоосун андан ары жакшыртуу, ыңгайлаштыруу» жана «Релапаротомиядагы хирургиялык ыкмалардын алгоритмин иштеп чыгуу» деген илимий темалардын үстүндө, илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Азыркы мезгилде кафедранын кызматкерлери тарабынан 9 рационализатордук сунушка күбөлүк алынган, алар негизинен хирургиялык ооруларды дарылоо ыкмаларын оптималдаштыруу багытындагы иштер. Бул хирургиялык ыкмалар азыркы мезгилде республиканын къпчлк аймактарындагы ооруканаларда колдонулат. Кафедранын окутуучулары 29 окуу-методикалык көрсөтмө, 247 илимий макала жазышкан. «Жалпы хирургия» кафедрасынын жамааты ОшМУнун юбилейлик – 60 жана 75 жылдык маарекелеринин алкагында ъткърлгън конференцияларына, Ош облусунун жана шаарынын Хирургиялык коомунун конференцияларына активдүү катышып келе жатат. 2001-жылы О. Т. Райымбеков «Капыстан болгон көөдөнүн дифференциалдык диагнозу жана хирургиялык дарылоосу» деген темада кандидаттык диссертациясын, Бишкек шаарында Улуттук Хирургия борборунда, 2005-жылы З. А. Туйбаев «Мээси өлгөн» жабыркагандардын танатогенези жана танатотерапиясы» деген темада кандидаттык диссертациясын Бишкек шаарында Улуттук Хирургия борборунда, 2008-жылы Т. А. Беков «Төрөлгөндөн 21 жашка чейинки адамдардын ашказанынын катмарынын өсүшүнүн өзгөчөлүктөрү» деген темада кандидаттык диссертациясын Москва шаарында коргошкон.

Медицина илимдеринин кандидаттары, доценттер О.Р.Райымбеков “Оптимизация хирургического лечения сочетанных заболеваний аноректальной области” жана З.А.Туйбаев “Компетентностный подход к объективизации качества повторных операций” аттуу темаларында доктордук диссертацияларын аяктоонун алдында турушат. Ошондой эле окутуучулар Т.Н.Анаркулов, Ж.М.Жолболдуев, К.А.Камчиевдер кандидаттык диссертацияларынын устунон изденуулорду жургузушуудо.