Эч ким унутулбайт, эч нерсе унутулбайт

2023-05-18 04:32:01 128

"Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология" жана "Хирургиялык жана курактык стоматология" кафедраларынын студенттери арасында 9-май "Улуу Жеңиш"тин 78-жылдыгына карата "Эч ким унутулбайт, эч нерсе унутулбайт" деп аталыштагы спорттун кичи футбол түрү боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Анда "Стоматология" адистигинин 1-курсунан 5-курсуна чейин студенттер катышты. Бул мелдеште жакшы оюн көрсөткөн студенттерге сертификаттар тапшырылды. 1-орунду 3-курстун студенттери, 2-орунду 2-курстун 1-курамасы, 3-орунду 5-курстун студенттери ээледи жана аларга демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.