• Новости
  • Внутренние болезни с курсом семейной медицины

Ачык сабактар

2025-05-21 06:09:36 57

Далилдүү медицина боюнча ачык сабак — окутуучу-врач Касымова Айгерим Ырысбаевна 2025-жылдын 22-апрелде ички оорулар уй-булолук медицина курсу менен кафедрасында "Далилдүү медицина" дисциплинасы боюнча окутуучу-врач Касымова Айгерим Ырысбаевна окутуучу тарабынан ЛК19-20 тайпасына ачык сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө далилдүү медицинанын негизги принциптери, илимий булактарды сын көз менен талдоо ыкмалары жана жогорку сапаттагы изилдөөлөргө негизделген клиникалык сунуштамаларды колдонуу маселелери кеңири каралды. Сабакта презентациялык материалдар, клиникалык мисалдар,димедус интеррактивдик доска жана студенттер менен интерактивдүү талкуулар пайдаланылды. Иш-чарага кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Ф.Т.Рысматова ошондой эле кафедранын окутуучулары Ботошова Г. жана Алибаева А. катышып, сабактын жогорку деңгээлде уюштурулганын, актуалдуулугун жана студенттердин жигердүү катышуусун жогору баалашты. Кафедрада өткөрүлүп жаткан ачык сабактар окутуунун сапатын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана заманбап билим берүү стандарттарын окутуу процессине активдүү киргизүүгө өбөлгө түзөт.