2018-03-01 11:50:03 235
«Дени сак Эл» ассоциациясы 2017-жылы ОшМУнун медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси менен уюшулуп, азыркы күндө ОшМУнун медицина факультетинин декандын өндүрүштүк практика боюнча орун басары, «Жалпы хирургия» кафедрасынын окутуучусу Жумабаев Максат Азаматович жетектеп келет. Бул ассоциациясынын түзүлгөнүнө аз убакыт болгондугуна карабастан, Кыргызстандын түштүк аймагындагы 15000 ден ашуун жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрүп келүүдө. Областтардагы аз камсыз болгон, турмуш шарты оор, социалдык абалы начар жарандарга жеринен медициналык жардам көрсөтүп келет. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген, төшөктө жаткан бейтаптарга кайдыгер карабастан, үйлөрүнө чейин барып, медициналык кароодон өткөрүп, дары дармектер менен камсыз кылып келет. Калктын социалдык абалын эске алып, жакындан медициналык жардам көрсөтүү менен патриоттук сезимди пропагандалоо, жайылтуу, ак халатчандар менен карапайым калктын ортосундагы байланышты чыңдоо, атуул катары элге соопчулук жасоо ак халатчан ден соолук сакчыларынын эң негизги максаты. Бул максатта ассоциациянын кезектеги сапары 2018 -жылдын 24-февраль күнү Кара кулжа районуна бет алды. Кара кулжа районуна жалпы 21 адистен турган 45 дарыгер өз кызматын көрсөтүп, элдин алкышына ээ болуп келишти. Алардын санын ОшМУнун медицина факультетинин кызматкерлери: илимпоз-даарыгерлери – проф. Муратов Абжалил Абдразакович, проф. Мамасаидов Абдумуталиб Ташалиевич, проф. Абдиев Азамат Шакирович, ассоциациянын демөөрчүсү катары проф. Маметова Алтынай Сулеймановна, уюштуруучу катары доцент Садыкова Алтынай Акпаралиевна ж.б. илимдин кандидаттары, тажрыйбалуу дарыгерлер толуктады. Ал жерде 2000 ден ашык жарандарды медициналык-профилактикалык кароодон өткөрүп, социалдык абалы начар жана мүмкүнчүлүгү чектелген бейтаптарга жеринен жардам көрсөтүлүп, тиешелүү дары-дармектер менен камсыз кылынды. Президентибиз 2018- жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялады. Аймактарды өнүктүрүүгө элибиздин ден соолугуна кам көрүү менен аз да болсо салымыбызды кошсок, эң чоң жумуш жасаган болоор элек.