КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРУУ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ
Травматология, сот медицина жана нур диагностика курсу менен кафедрасы
Алгач 1993-жылы Медицина факультетинин базасында «Клиникалык дисциплиналар» кафедрасы түзүлгөн, анын курамына биздин кафедра да кошулган. 26-июнь 2000-жылы Ош МУнун ректорунун № 126-буйругунун негизинде «Травматология, ортопедия, нейрохирургия жана сот медицина курсу менен» кафедрасы түзүлгөн, аны медицина илимдеринин доктору профессор Жеенбаев Жолборс Жеенбаевич жетектеген. Жеенбаев Ж.Ж. жетектеген учурда медицина факультетинин алдынкы кафедрасы болуп саналган.
2008-жылы медицина факультетинде реструктуризация жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу «Травматология, ортопедия, нейрохирургия жана сот медицина курсу менен
кафедрасы» «Жалпы хирургия» кафедрасына кошулуп «Жалпы хирургия жана травматология» кафедрасы болуп түзүлүп кафедраны Ош МУнун ректорунун буйругунун
негизинде (буйрук №561/2 8-ноябрь 2007-жыл) медицина илимдеринин кандидаты, доцент Райымбеков Оторбай Райымбекович жетектеген. 2011-жылы октябрь айында
медицина факультетинде реструктуризация жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу «Жалпы хирургия жана травматология» кафедрасы Ош МУнун ректорунун буйругунун
негизинде (буйрук №574 28-октябрь 2011-жыл) «Травматология, соттук медицина жана нур диагностика курсу менен» кафедрасы болуп бөлүнүп кайрадан түзүлдү.
Кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп медицина илимдеринин кандидаты, доцент Ыдырысов Исматилла Токтосунович иштеген. 2012-жылдын 6-июлунан тартып
кафедраны конкурстук шайлоонун негизинде, конкурстан откон медицина илимдеринин доктору, профессор Ж.Жеенбаев жетектеп келет.
Кафедра башчысы медицина илимдеринин доктору, профессор, саламаттыкты сактоонун мыктысы, КР эмгек синирген дарыгери, Эл аралык интегративдуу антропология
академиясынын мучосу Ж.Жеенбаев.
ОшМУнун медицина факультетинин «Травматология соттук медицина жана нур диагностика курсу менен» кафедрасы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын базасында жайгашып медицина факультетинин дарылоо иши, педиатрия, стоматология, медико-профилактикалык иши бөлүмдөрүнүн 1-, 2-, 3-, 4-, 5-, 6- курсунун студенттери төмөнкү дисциплиналар боюнча билим алышат:
Биринчи медициналык жардам – стоматология бөлүмү, нур диагностика курсу -дарылоо иши, педиатрия жана стоматология бөлүмдөрү, травматология, ортопедия жана аскер талаа хирургиясы -дарылоо иши бөлүмү, медико-профилактикалык иши болуму, соттук медицина -дарылоо иши, педиатрия жана стоматология бөлумдөрү билим алышат.
Кафедранын лекициялары ОшМУнун Стоматология клиникасында жана кафедрада окулат. Лекциялар акыркы заманбап технологияны колдонуу менен, интерактивдуу доска жана мультимедиялык проектордун жардамында окулат.
Практикалык сабактар отуло турган тема боюнча ар кандай аудио жана видео материалдарды колдонуу менен о.э. оорукананын болумдорундо тематикалык бейтаптарды корсотуу менен окутулат.
Мугалимдердин сапаттык к өрсөткучтөру
Кафедрада учурда жалпысынан 15 кызматкер иштейт. Кафедрада бир профессор, үч.медицина илимдеринин кандидаты, бир кафедранын доценти, сегиз окутуучу иштешет. Алардын ичинде тортөө илим изилдөөчү, экоосу КР эмгек синирген дарыгери, жетоосу саламаттыкты сактоонун мыктысы, бирөө КР ардак грамотасы менен сыйланган.
Кафедранын жамааты
Кафедранын илимий багыттары: Кафедранын илимий-изилдоо иштерин доцент Ахунжанов Р.А. жургузуудо. Кафедра негизинен эки багыт боюнча илимий изилдоо иштерин алып барууда соттук медицина жана нейротравматология, хирургия тармагы боюнча. Ошого байланыштуу биздин кафедра азыркы кундо актуалдуу деп эсептелген томондогу темалар боюнча илимий-изилдоо ишин жургузуудо.
- Адамдын олумунун себептерин изилдоонун актуалдуу суроолору (Актуальные вопросы исследования причин смерти).
- Нейротравматология жана хирургияда бирдиктуу жаракаттарды диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап усулдары (Современные методы диагностики и лечение сочетанных травм в нейротравматологии и хирургии).
Кафедрынын профессордук –окутуучу жамаатынын сапатынын өсүү көрсөткүчтөрү
Кафедрада торт окутуучу илим-изилдөө менен эмгектенүүдө.
Кафедранын доценти Ыдырысов И.Т. жана кафедранын ассистенти Калыев К.М. доктордук диссертациянын үстүнөн иштөөдө, ал эми Курбанбаев О.И.. менен Сейитбеков Т.Т. кандидаттык дисертациясын жактоо алдында турушат.