Кафедра тарыхы

«ХИРУРГИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯ, БАЛДАР ХИРУРГИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯ КУРСУ МЕНЕН» КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ

1992-жылы Ош мамлекеттик университетинин базасында Ош шаарында медицина факультетин ачуу чечими кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 5-ноябрындагы № 552 токтому; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин № 552 токтому). 1992-жылдын 17-ноябрындагы 324). Декан болуп медицина илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Ж. Жээнбаев дайындалган.

1999-жылы сентябрда медицина факультетинин базасында Стоматология жана ОХТА кафедрасы түзүлгөн. Стоматология кафедрасынын башчысы болуп, м.и.к. Абдираев Барпы дайындалган (16.09.1999-жылдан 10.02.2001-жылга чейин). Андан кийин ОшМУнун ректору, академик Мурзаибраимов Б.М. тарабынан Стоматология жана ОХТА кафедрасына Ешиев Абдыракман Молдалиевич дайындалат (02.10.01 № 24/1 буйругу).

Ошол эле 2001-жылдын 26-декабрынан кафедра башчысы болуп м.и.к., доцент Арстанбеков М.А. дайындалып, (буйрук № 257/а) кафедранын аталышы «Стоматология жана нормалдуу физиология» деп өзгөртүлгөн.

2005-жылы 120 студент кабыл алынып, Стоматология кафедрасы эки кафедрага бөлүнгөн: 1. «Терапиялык жана ортопедиялык стоматологиясы ортодонтия курсунун негизинде» кафедрасына, кафедра башчысы болуп, медицина илимдеринин кандидаты, доцент М.А. Арстанбеков дайындалган; 2. «Хирургиялык стоматология жаш курактагы стоматология курсунун негизинде» кафедрасына, кафедра башчысы болуп, м.и.к., ага окутуучу Ешиев А.М. дайындалды.

2005-жылдын 18-июнундагы ректордун №145 буйругу менен ОшМУнун стоматология факультети болуп түзүлүп, факультеттин деканы болуп доцент Арстанбеков М.А. иш алып барат ( Приказ №146, 18.07.2005-жыл).

2006-жылы стоматология факультети жабылып, ОшМУнун медициналык инстититунун стоматологиялык кафедрасы болуп калтырылып, кафедра башчылыгына м.и.к., доцент Арстанбеков М.А. дайындалган.

2008 - жылы стоматология адистиги кайрадан ачылып, мурда башка ЖОЖдорго которулган студенттер ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистиги бөлүмүнүн 2-3-курстарына которулуп келишкен. Кафедра башчысы болуп доцент Арстанбеков М.А. дайындалган.

2006-жылы стоматология факультети жабылып, ОшМУнун медициналык инстититунун стоматологиялык кафедрасы болуп калтырылып, кафедра башчылыгына м.и.к., доцент Арстанбеков М.А. дайындалган.

2011-жылы 28 – октябрында ректордун № 574 буйругу менен стоматология кафедрасы экиге бөлүнөт: 1.“Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” кафедрасы, кафедра башчысы м.и.к., профессор Арстанбеков М.А. 2. “Хирургиялык жана курактык стоматология курсу” кафедрасы, кафедра башчысы м.и.к, доцент Мамажакып уулу Ж.

2023-жылы 8-июль № 3102-ФХД/23 буйруктун негизинде “Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” жана “Хирургиялык жана курактык стоматология курсу” кафедралары үчкө бөлүнүп, төмөнкү аталышка ээ болот жана аты аталган агай-эжекелер кафедра башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалат (буйрук №3234 ФХД/23 20.07.2023):

1.“Ортопедиялык стоматология, ортодонтия курсу менен” кафедрасы, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу, улук окутуучу Арстанбеков С.Р. 2. “Терапевтикалык стоматология, балдар терапевтикалык стоматология курсу менен” кафедрасы, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу доцент м.и.к., доцент Мырзашева Н.М. 3.“Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен” кафедрасы, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу улук окутуучу, м.и.к., доцент Пакыров Ж.К.

Ректордун № 1968-ФХ/24 06.05.2024 буйругу менен м.и.к., Азимбаев Н.М. “Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен” кафедрасынын кафедра башчысы болуп дайындалат. Азимбаев Н.М. кафедра башчы кызматка дайындалган күндөн баштап, өзүнүн платформасында стоматология багытында окуп жаткан студенттерге татыктуу билим берүү менен кесипкөй адисти даярдоо замандын талабы экендигин баса белгилеп келет. Ошондой эле, бул багыттагы терс көрүнүштөргө жол бербөөгө эмгек жамаатын чакыруу менен стоматология адистигинин денгээлин жогорулатууга өз салымын кошууга даяр жана кафедранын ынтымагы, ийгилиги, жетишкендиктери жогору экендигин белгилейт.

«Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен» кафедрасында төмөнкү багыттагы предметтер боюнча сабактар өтүлөт. 1. Хирургиялык стоматология; 2. Имплантология; 3. Онкологиялык стоматология; 4. Балдардын хирургиялык стоматологиясы; 5. Жаш курактагы стоматологиялык оорууну алдына алуу; 6. Пластикалык хирургия;

Азыркы учурда кафедрада стоматология адистиги боюнча 2-курстан 5-курска чейинки 1410 студент окуйт. Студенттердин арасында Өзбекистандан, Тажикистандан, Россия, Украина жана алыскы мамлекеттерден келген студенттер билим алышат.

Усулдук методикалык иштер Кафедранын кызматкерлери билим беруудо, стоматологиялык практикалык кондумдорду уйротуудо, жаңы окуу-усулдук ыкмаларды, көргөзмө куралдарды колдонушат, лекцияларды отуудо заманбап мультимедиалык экрандарды колдонуу менен студенттерге татыктуу билим берип келишет. Практикалык сабак учурунда окутуучулар студенттердин билим денгээлин суроо жооп иретинде баарлашуу менен жана фантомдук столдо стоматологиялык иш-аракеттерди көрсөтүү менен аныктай алышат. Ал эми, клиникалык базаларда студенттер бейтап менен тыгыз байланышта болуп, клиникага кайрылган бейтаптарды кароо менен, аларга стоматологиялык биринчи жардам корсото алышат. Ошону менен бирге студенттер оздорунун практикалык логикасын жогорулатып, мануалдык сезип үйрөнүү тажрыйбасын да уйронушот.

Кафедранын илимий- изилдөө иштери

«Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен» кафедрасында медицина илимдеринин доктору, профессор - Ешиев А.М., Ешиев Д.А., доцент Мамажакып уулу Ж., Мырзашева Н.М., медицина илимдеринин кандидаты, улук окутуучу – Азимбаев Н.М., Курманбеков Н.О., Абдыкайымов А.Т. эмгектенишет жана студенттер, жаш окутуучулар, ординаторлор учун окуу-усулдук колдонмолор жарык корот. 1.Заболевания слюнных желез (учебное пособие) Аннотация изданий, представленных на ХХХII Международную выставку-презентацию учебно-методических изданий из серии «Золотой фонд отечественной науки», Россия (Москва), 28февраль - 01 март 2017ж. А. М. Ешиев. 2. Диагностика и тактика лечения травм челюстно-лицевой области (Учебное пособие) Полиграфический центр MAX.KG.г.Ош. 2019.-132с. А. М. Ешиев, Д. А. Ешиев. 3.Лечение открытых переломов нижней челюсти с применением гидрооксиапатит «Коллапан» геля и электровибромассажа (монография.) Инновационное развитие науки: фундаментальные и прикладные проблемы. Петрозаводск, 2023. С. 306-330. 306-330с. Ешиев А.М., Мырзашева Н.М. 4.Дентальная имплантология: (Учебное пособие) / Составители А. М. Ешиев, Д. А. Ешиев, Н.М. Азимбаев, Н.О. Курманбеков, Н.М. Мырзашева, Н.Т. Таалайбеков; Под редакцией профессора А.М.Ешиева.- Ош: Изд-во «Book- дизайн» 2024.- 244с. 5.Лекции по восстановительной операции челюстно-лицевой области: учебное пособие / Составители А. М. Ешиев, Д. А. Ешиев, Н.М. Азимбаев, Н.О. Курманбеков, Ж.К. Пакыров, Жаныбай уулу Амантур; Под редакцией профессора А.М.Ешиева. – Ош, 2024. – 216с.

Ошондой эле, илимий даражасын алуу учун изденуучулор, аспиранттар оз жумуштарын аткарып келишет. Алар: Асанов А.К., Эрмеков Э.О., Жаныбай уулу А., Сабиркулова А.А. 1.Изденуучу Асанов А.К. – диссертациялык темасы: «Влияние биогеохимических факторов на распространение стоматологических заболеваний полости рта у школьников в условиях Юга Кыргызстана». Илимий жетекчиси профессор Ешиев А.М. 2. Аспирант Эрмеков Э.О. - диссертациялык темасы: «Сравнительные аспекты распространенности основных стоматологических заболеваний школьников высокогорного района Чон-Алай, с селом Мырза-Аке Узгенского района и их профилактика». Илимий жетекчиси профессор Ешиев А.М. 3. Аспирант Жаныбай уулу А. – «Анатомические, хирургические аспекты, щадящие резекции нижней челюсти при амелобластоме и фолликулярной кисте». Илимий жетекчиси профессор Ешиев А.М. 4. Аспирант Сабиркулова А.А. – «Инновационные подходы к профилактике в системе школьной стоматологии в современных условиях в Ошской области».

Илимий жетекчиси профессор Ешиев А.М. Кафедрада илимий иштер төмөнкү темада алып барылат: «Разработка методов хирургической реабилитации больных с дефектами, деформациями, повреждениями и воспалительными процессами ЧЛО и зубного ряда». 2006–жылга кафедранын кызматкерлери тарабынан, так айтканда профессор Ешиев А.М. жетекчилиги астында 10 патент ачылыш жасалып, 8 рационалдык сунуш алынды.

Студенттердин илимий- изилдөө иштери

«Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен» кафедрасында хирургиялык стоматология предмети боюнча «Челюсно-лицевая хирургия» аталышындагы илимий студенттик ийрим иштеп келет. Анын жетекчиси профессор Ешиев А.М.

Университет, факультет, кафедралар аралык отулуучу илимий конференцияларда кафедранын окутуучулары студенттерди даярдашат жана активдуу катышат. Окутуучулардын берген билиминин негизинде жана алардын жетекчилиги астында даярдалган студенттер илимий конференцияларда байгелуу, алдыңкы орундарды ээлеп келишет.

Кафедранын аудиториялык фонду

Стоматология кафедрасы уч кабаттуу имаратта жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 2236,4 кв. метрди түзөт. 12 окуу-дарылоо каанасы, 1 лекциялык залы, 2 тиш жасоо лабораториясы, 1 фантомдук каанасы, 1 стерилизациялык каанасы бар.

«Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен» кафедрасындагы аудиторияларда 11 бормашина жайгаштырылган. Бул окуу процессинде студенттердин толук билим алып, өз алдынча иштеп, окуу процессин ийгиликтүү жүргүзүшүнө толук шарт түзүлгон. Ошондой эле Ош областык стоматология поликлиникасы, Ош шаардык №1, №2 стоматологиялык поликлиникалары, областтык оорукананын 30 орундуу стоматологиялык бет-жаак хирургиялык бөлүмү менен келишим бар. Билим сапатын көтөрүү, окуу процессин эффективдүү жетектөө максатында кафедрада усулдук көрсөткүчтөр иштелип чыккан.

Китеп фонду жаны китептер менен толукталган. Студенттердин билим сапатын текшеруу жана жыйынтыктоо учун модулдук-рейтингдик система, зачеттук-экзамендик сессиялар уюштурулган жана деканат тарабынан бекитилген график боюнчо откорулот. Студенттердин өз алдынча иштөөсүн кабыл алуунун жобосу ректорат тарабынан корсотулуп ишке ашырылат.

«Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен» кафедрасы мамлекеттик программаларды ишке ашырууга да активдүү катышат. Кафедранын эмгек жамааты каржылоонун кошумча булактарын издеп, Ата Мекендик жана чет элдик гранттар менен активдүү иш алып барат. Жакынкы жана алыскы жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта. Алар: КММА (Бишкек), Кыргыз Славян Университети (Бишкек), Түштүк Корея жана Америка мамлекеттери.