Структурасы // структура кафедры

УРОЛОГИЯ, ОНКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕРИВЕНЕРОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ Жалпы, урология, онкология жана теривенерология кафедрасынын негизги милдети ОшМУнун медицина факультетинин студенттерин жалпы, клиникалык урология, онкология, отолорингология, афтольмалогия, оперативдик хирургия жана теривенерология дисциплиналарынан жеткиликтүү окутуу, окуу процессин уюштуруу жана жетектөө болуп саналат. Кафедраны өнүктүрүү боюнча төмөнкү милдеттер коюлду : - студенттерге жалпы, клиникалык урология, онкология, отолорингология, афтольмалогия, оперативдик хирургия жана теривенерология боюнча лекцияларды окуу жана лабораториялык практикалык сабактарды мыкты окутуу; - урология, онкология, отолорингология, афтольмалогия, оперативдик хирургия жана теривенерология сабактары боюнча студенттердин билимин баалоо; - студенттер менен уюштуруучулук тарбия иштерин жүргүзүү; - студенттерди кафедранын кызматкерлери жүргүзгөн илимий изилдөөлөргө тартуу; - окутуу методдорун өркүндөтүүгө багытталган методикалык иштерди күчөтүү; - окуу адабияттарын даярдоо жана басып чыгаруу; - илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө кафедранын мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү;