2023-08-29 04:00:54 85
28.08.2023 ж күн тартибинде “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасы жаңы окуу жылындагы биринчи отурумун өткөрдү. Отурумда медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов Исматилла Токтосунович , буйрук менен келген “Жалпы , клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын башчысын б.и.д. профессор КР УИА мүчө корреспондети Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна эжекени куттуктап , жакшы каалоо тилектерин айтты жана кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды : 1 ) Жаны окуу жылына карата кафедранын иш планын, отурумдарынын планын, жумушчу окуу программаларын, силлабустарды талкуулоо жана бекитүү. 2)Кафедранын илимий изилдөө иштеринин, окуу-тарбия иштеринин, окуу- усулдук иштеринин, окуу-усулдук кеңештин, квалификацияны жогорулатуунун жана куратордук иштердин планын бекитүү. 3)Ар түрдүү маселелер каралды.