МЕЖДУНАРОДНАЯ СТОМАТОЛОГИЧЕСКАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ

2023-10-03 07:52:36 69

Бүгүн 30-сентябрь күнү биздин Медицина факультетинде "Мир стоматологии сегодня и завтра" деп аталган эл аралык стоматология конференциясы болуп өттү. Конференцияда Америка Кошмо Штаттарынан(АКШ) жана Түштүк Корея республикасынан стоматологдор келип өз билимбери менен бөлүштү. Бул коференцияда Джон Чо[John Cho](АКШ), Дэниел Ли[Daniel Lee](АКШ), Кристин Хонг[Kristine Hong](АКШ), Санчул Чунг[Sanhchul Chung](Т.Корея), Вук Ким[Wook Kim](Т.Корея), Сангсуб Парк[Sangsub Park](Т.Корея)лар биздин түштүктөгү стоматологдорго өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Стоматология ассоциациясын президенти м.и.д. профессор Калбаев Абибилла Акбураевич, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Балдар стоматологиясы кафедрасынын башчысы м.и.д. профессор Юлдашев Ильшат Мухиддинович ошондой эле ООАБКОнун бет-жак хурургиясы бөлүмүнүн бөлүм башчысы м.и.д. профессор Ешиев Абдырахман Молдалиевичтер өз сөздөрүн стоматологторго айтты. Залдагылар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.