КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН РЕКТОРЛОРУНУН YЧYНЧY ФОРУМУ

2023-10-13 08:07:55 84

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форуму Ош мамлекеттик университетинин базасында болуп өттү. Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын 80ден ашуун ректорлору катышышты.Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Ош мамлекеттик университети, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Россиянын ректорлор союзу, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.