• Новости
  • Внутренние болезни с курсом семейной медицины

Ачык сабактар

2025-05-21 06:30:58 29

Ички оорулар үй-бүлөлүк медицина курсу менен кафедранын окутуучусу Алибаева А.А. 5ЛК-20 тайпасы менен "Далилдүү медицина" сабагы боюнча ачык практикалык сабак өттү. Сабактын темасы: "Нежелательные лекарственные реакции. Нежелательное лекарственное событие. Определение причинно-следственной связи «НЛР – ЛС»: алгоритмы Naranjo, Karch. Классификация НЛР (ВОЗ)". Сабакка кафедра башчысы, доцент Ф.Т. Рысматова, ага окутуучу М.С. Жуманалиева, кафедранын методикалык кеңешинин мүчөсү, окутуучу Ботошова Г.Б. катышышты. Студенттер клиникалык учурларды талдоого активдүү катышып, Naranjo жана Karch алгоритмдерин колдонуп, далилдүү медицинанын принциптерин ишенимдүү түрдө колдонушту. Сабак учурунда катышуучу студенттер: 1. дары-дармекке болгон жагымсыз реакциялардын чыныгы мисалдарын талдашты; 2. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) сунуштарына ылайык ЖЛР классификациясын өздөштүрүштү; 3.ЖДО менен ЖЛРдин айырмасын түшүнүп, тобокелдиктерди баалап, терапиянын коопсуздугу боюнча тыянактарды чыгара алышты; кичи топтордо иштеп, маселени чечип, өз ойлорун аудиторияда жакташты. Сабак кесипкөй диалог жана клиникалык логиканын духунда өттү. Сабакка катышкан окутуучулар студенттердин даярдыгын жана сабактын усулдук жана практикалык баалуулугун жогору баалашты. Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!