MORPH NEWS: Кайрымдуулукка багыт.

2025-05-27 05:12:34 35

Кайрымдуулук иш-чарасы тууралуу маалымат 2025-жылдын май айында Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин Стоматология адистигинин СТОМ-7-8-24 жана СТОМ-4-24 тайпаларынын студенттери тарабынан кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара кураторлор Шералиева Алина жана Мамыров Нурсултандын жетекчилиги астында уюштурулуп, анын алкагында студенттер балдар үйүнө барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер балдарга ар түрдүү белектерди тапшырып, алардын маанайын көтөрүүгө багытталган оюн-зоокторду өткөрүштү. Максат – балдарга көңүл буруп, коомдогу социалдык жоопкерчиликти арттыруу болду. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, балдар үйүнүн жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилди. Мындай иш-чаралар студенттердин адеп-ахлактык баалуулуктарын калыптандырууда жана кайрымдуулук сезимин өнүктүрүүдө маанилүү орунга ээ.