2024-02-29 03:43:02 102
Медицина факультетинин чет элдик студенттери 2024-жылдын 28-февралында ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору, доцент К.Ш. Аттокуров жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Ош аймактык башкармалыгынын башкы адиси Г. Набиева, жетектөөчү адиси А. Матисаков менен жолугушту. Жолугушууда студенттер көйгөйлүү суроолорун адистерге беришти. Милдеттүү медициналык камсыздоонун ичинен кайсы медицина кызматтары кирээрин Г.Набиева түшүндүрүп берди. Медицина факультетинин деканы, профессор И.Т. Ыдырысов медициналык факультетинин студенттерине медициналык камсыздоодон өтүүсүн милдеттендирди.