Окурмандык семинар.

2024-05-13 11:15:51 30

11.05.24. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата медицина факультетинде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде "Саманчынын жолу "- согуш курмандыктарына арналган реквием" аттуу окурмандардын семинары болуп өттү. Семинарды медицина факультетинин деканы профессор Ыдырысов И.Т. ачып берип, студенттерге жана уюштуруучуларга ийгилик каалады. Семинар ФАКТ кафедрасынын доценти Алиева Ф.Э. жана улук окутуучу Нурмаматова М.Т. тарабынан уюштурулуп, стоматология адистигинин 1-курсунун студенттери тарабынан даярдалды. Студенттер чыгарманы окуп чыгып, ага сюжеттик-композициялык талдоо жүргүзүп, каармандардын образын ачып презентациялашты. Андан кийин талкуу үчүн викторина уюштурулуп, активдүү катышкандарга дипломдор берилди. Таланттуулар сахналык көрүнүш коюп, семинар ыр-күү менен коштолду. Медицина факультетинде китеп окуу ийрими иш алып барат. Ийримдин максаты студенттерге көркөм чыгарма окутуу менен, алардын адабий-эстетикалык табитин өнүктүрүп, адамгерчиликке, адилеттүүлүккө тарбиялоо болуп эсептелет.“Саманчынын жолу” - адамзаттын жолу-дешет. Дүйнөдө согуш болбосун, тынчтык орносун, өлкөбүз өнүксүн, жаштарыбыз жаркын келечектин ээси болсун. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.