• Новости
  • ОБЩАЯ, КЛИНИЧЕСКАЯ БИОХМИЯ И ПАТОФИЗИОЛОГИЯ

нооруз майрамы уюштурулуп, окутуучулардын кыз жигит арасында “Сармерден” өнөр таймашы

2024-05-16 17:37:12 18

20.03.24 ж ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата медицина факультетинде салтанаттуу Нооруз майрамы уюштурулуп, окутуучулардын кыз жигит арасында “Сармерден” өнөр таймашы өттү. Сармерден салтына ылайык саламдашуу менен башталып , элдик обондуу ырлар, бийлер, акыйнек айтышуулар, жаңылмач жана макалдар айтылды. “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окуттучулары: б.и.к., Ташматова Н.К.,Роза Жаркынбаева Р.А., Мааматова Б.М., Топчубаева Э.Т., Афтандилова Б., Абдилазизова А.А окутуучулары активдүү катышып өздөрүнүн сөзгө чебер, мыкты деңгээлин далилдешти. Ар бир аткарылып жаткан номер көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланып, калыстар тобунун сынына түштү. Окуттучулардын өзгөчө даярдыгы, мыкты таланттардын аткаруусу менен кечени өз максатына жеткире алды. Жыйынтыгында калыстар тобунун мүчөсү “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын башчысы - б.и.д., профессору, КРнын УИА мүчө-корреспонденти Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна эжекебиз эки тараптын жеңүүчүсүн аныктап, куттуктоо сөзүн айтты. Акырында уюштуруу тобу жана демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар тапшырылды, кече мыкты деңгээлде өткөрүлдү. 💐💐💐