• Новости
  • ОБЩАЯ, КЛИНИЧЕСКАЯ БИОХМИЯ И ПАТОФИЗИОЛОГИЯ

«Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасы» тарабынан ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата

2024-05-16 18:02:27 30

17-апрель күнү ОшМУнун башкы корпусунун чон жыйындар залында «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасы» тарабынан ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата "Мыкты биохимик- II" КВН- олимпиадасы өткөрүлдү. КВН- Олимпиаданын максаты: студенттердин билимдерин өркүндөтүү жана тереңдетүү. Медицина факультетиндеги багыттар (дарылоо иши, педиатрия, фармация, МПД ) арасында атаандашуу жана достук байланыштарды түзүү. «БИОХИМИЯ» БОЮНЧА КВН -ОЛИМПИАДАНЫН II СЕЗОНУН ӨТКӨРҮҮНҮН ЖОБОСУ /ЭТАПТАРЫ: ​ «Биохимия» дисциплинасы боюнча «КВН-Олимпиада 2 сезон» медицина факультетинде дарылоо иши, педиатрия, стоматология, фармация багытында окуган 2-3-курстардан 4 багыт боюнча 1 тайпада 10 студентке чейин тандалды. 1. Биринчи этап. Саламдашуу 5 мин-видеоролик 2 мин. 2. Экинчи этап. Биохимиялык процесстер боюнча сценка-7 мин 3. Үчүнчү этап. Kahoot -10 суроо болду. Программанын төрайымы: Жумабаева Т.Т. – б.и.д., КР УИА мүчө корр., жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын профессору, жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы. Комиссиянын мүчөлөрү: Турдубаева Г- п.и.к.доцент, Саттаров А. Э- б.и.к.доцент, Матаипова А.К - х.и.к.улук окутуучу. 🏆Гран-при Диплому, акчалай сыйлыкты "Аптечные пленники" фр-1-22 тайпасынын студенттери! (Молдалиев Ж.Т-б.и. к.доцент) 🥇1- даражадагы Диплом, акчалай сыйлыкты "ГармонX" дарылоо иши адистигинин Лк-11- тайпасынын студенттери!(Жаркынбаева Р.А., Алдозова К.М.) 🥈2- даражадагы Дипломдор, акчалай сыйлыктарды "Биохимцы" лб-1-22 жана "Дети Кребца"(Афтандилова Б.А.) МПД-1-21 тайпасынын студенттери!(Абылаева Б.А.-б.и. к.доцент, Мырзабаев И.Т. ) 🥉3- даражадагы Диплом, акчалай сыйлыкты "Маги лечения" Пед-2-22 тайпасынын студенттери багындырышты!(Ташматова Н.К., Жаркынбаева Р.А.) Мындан тышкары уюштуруучу «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасы» ОшМУнун кесиптик кошундун "Ыраазычылык каты" менен сыйланды! КВН- Олимпиаданын уюштуруучуларына,комиссиянын мүчөлөрүнө, катышкан командаларга, студенттерге жана көрүүчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз!!! Программа мыкты деңгээлде өттү(технический секретарь- Ырысбаев Э.Ы.)!!!