• Новости
  • ОБЩАЯ, КЛИНИЧЕСКАЯ БИОХМИЯ И ПАТОФИЗИОЛОГИЯ

"Илим жумалыгынын" алкагында студенттердин ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН 85 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН СТУДЕНТТЕРДИН кафедралык илимий конференциясы

2024-05-16 18:12:35 24

Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын апрель айындагы илимий-методикалык семинары студенттердин илимий изилдөөлөрүнүн натыйжасы боюнча алган материалдарын талкулоого арналып, алардын баяндамалары угулду, баяндамалар көптөгөн суроолор менен коштолуп, кызуу талкуулар болду. Студенттер арасынан мыкты, күтүүсүз суроолор берилип, изилдөөнү улантууга багытталган, натыйжасын колдонууга сунуштар айтылды. Негизинен баяндамалар рефератив түрүндө эмес, нукура изилдөөлөр натыйжасы, аны талкулоо, рекомендациялык сунуштары менен кызыктуу болду. Жоопкерчилик менен студенттердин илимий ишин жетектеп алып чыккан жаш окутуучулар - Айпери, Асема, Света ишинерге ийгилик каалайм. Кафедранын жамаатына, студенттерге ыраазычылык билдирем! Кафедрада илимий иштерге жоопту б.и.к., Нурила Ташматова эжекебизге семинардын иштерин үзгүлтүксүз алып кетип жаткандыгына жана КВН-олимпиаданы өткөрүүдө чоң жоопкерчилик мамилеси үчүн өзгөчө чоң алкыш айтам! 22.04.24ж "Илим жумалыгынын" алкагында студенттердин ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН 85 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН СТУДЕНТТЕРДИН кафедралык илимий конференциясы болуп өттү. Бул конференцияга 6 илимий доклад угулду. Конференцияга төмөнкү студенттер катышты: 1 Романова Бермет , Лк 9б-22 ,илимий темасы: Биохимическая роль гемоглобина, илимий жетекчиси проф. Жумабаева Т.Т. 2 Кенешова Зарина ,Лк 9Б-22,илимий темасы:Калкан сымал безинин сезгенүүсү менен кайрылган бейтаптардын гормоналдык анализи, илимий жетекчиси проф. Жумабаева Т.Т 3 Абдихалилова Айтунук ,Лк7а-21,илимий темасы: Вейпинг как иллюзия ухода от курения , илимий жетекчиси Абдыкарова А.С 4 Мусаев Талгарбек ,Лк-4а-22,илимий темасы:Выявление сколиоза ,особенности нарушение осанки и дефектов позвоночника у студентов Медицинского факультета , илимий жетекчиси Абдыкарова А.С. 5 Абдуллаева Айгерим,Лк8а-21, илимий темасы: Выявление распространение избыточного веса среди студентов 2го,3го курса Медицинского факультета, илимий жетекчиси:окут. Абдилазизова А.Р. 5 Сейтекова Айсель,Лб-2б-22, илимий темасы: Влияние электронных устройств на зрение студентов, илимий жетекчиси: окут. Жолдошева С.Р Кафедранын "Илимий жумалык-2024" аттуу студенттердин конференциясынын жыйынтыгында төмөндөгү студенттерибиз дипломдор менен сыйланды: 🥇1 даражадагы Диплому менен- Романова Бермет , Лк 9б-22 тайпасы 🥈2-даражадагы Диплому менен- Мусаев Талгарбек, Лк 4б-21 тайпасы 🥉3- даражадагы Диплому менен - Кенешова Зарина ,Лк 9Б-22 сыйланды. Уюштуруучуларга , илимий жетекчилерге жана студенттерге терең ыраазылык билдиребиз. Медицина факультетинин студенттерине жана агай-эжекелерге дагы көп илимий ийгиликтерди каалайбыз!!!💐