Медицина факультетинин 2004-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу.

2024-05-17 08:57:14 75

ОшМУнун медицина факультетинин 2004-жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрү менен 20 жылдык жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга ректор ф-м.и.д., профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, практика жана карьера борборунун жетекчиси, п.и.к., доцент Матикеев Талантбек Курманалиевич, декан м.и.д., профессор Ыдырысов Исматилла Токтосунович,деканат мүчөлөрү Жообасарова Д.Ж., Каратаев М.А., кафедра башчылар Нуруева З.А.,Исраилова З.А., Шатманов С.Т.,Омурзакова Г.Г. катышышты. 2004-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн атынан DIMEDUS+ медфактын виртуалдык клиникасына 8 планшет белек кылып берилди. Исматилла Токтосунович бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине келген студенттердин алып берген белектери үчүн алар кийинки билим алып окуп жаткан студенттерге аябай пайдалуу заманбап белек болгонун билдирди. Деканыбыз Исматилла Токтосунович бүтүрүүчүлөр арасында 98% кесиби менен иштеген дарыгерлер, бөлүм башчылар, илимдин кандидаттары, саламаттыкты сактоо министрлигинде иштеген, ооруканалардын жетекчилери бар экенин белгилеп кетти. Кудайберди Гапаралиевичке саламаттык сактоонун минстрлигинен ыраазычылык катты Парханов Замир министрдин атынан тапшырды. Бүтүрүүчүлөр агай-эжекелерин көрүп аябай толкунданышып, өздөрү дагы ыраазычылык билдиришип, сөзгө чыгышты. Жолугушуунун аягында фотосессия, экскурсия болуп, сый тамак берилди. Уюштуруучу Садыкова Алтынай Акпараливнага жана терапиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучуларына терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалайбыз.