КММАнын 85-жылдыгына арналган II эл аралык морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар боюнча олимпиада.

2024-05-18 05:47:21 63

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери, окутуучулары 2024-жылдын 16-17-майында Бишкек шаарындагы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85-жылдыгына арналган II эл аралык морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар боюнча олимпиадасына даярдаган окутуучуларга, катышууга мүмкүнчүлүк берген ОшМУнун ректору, Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичге, медицина факультетинин деканы Ыдырысов Исматилла Токтосуновичге, жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы Жумабаева Таасилкан Токтомаматовнага ыраазычылык билдиребиз. ОшМУнун медициналык факультетинин "Sanitas OshSU " командасы катышып, 15-команданын арасынан 2-орунду ээледи. Предметтерден 2-3-орундарды ээледи, атайын номинациялык дипломдорго жана сертификаттарга ээ болушту. Студенттерибизди жениши менен куттуктайбыз. Олимпиаданын уюштуруучуларына, КММАнын жетекчилигине, эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!