• Новости
  • Экстремальная медицина и безопасность жизнедеятельности

ЭМ жана ӨК кафедрасы «Тоо туризми жана тоо гиддеринин ишмердүүлүгү» курсунун угуучуларына тренинг өткөрдү.

2024-05-22 06:22:42 34

2024-жылдын 21-майында экстремалдык жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын улук окутуучусу Перханова Ы.А., окутуучулары Турапов Т.Н., Эрмекбаев Н.Ж. «Ош облусунун туризм секторунун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу» программасынын алкагында өткөрүлгөн «Тоо туризми жана тоо гиддеринин ишмердүүлүгү» курсунун угуучуларына «Экстремалдуу шарттарда биринчи медициналык жардам көрсөтүү» боюнча тренинг өткөрүштү. Бул тренингге АРИСтин Аткаруучу директору М.Д.Наспеков, Кыргызстан курорттор биримдигинин тен-төрагасы А.К.Жаманкулов катышты. Тренингдин жүрүшүндө угуучулар тоо шартында жаралган жаракаттардын түрлөрү (урунуу, муундардын созулуусу жана чыгуусу, сөөктөрдүн сынуусу, кан агуу ж.б.) менен таанышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү практикалык машыгып көрүштү. Андан сырткары тренигдин катышуучулары бийиктик оорусу жана анын алдын алуу боюнча да маалымат алышты. Акырында өпкө-жүрөк кызматынын бузулуусунда жасалма дем алдыруу жана жүрөккө кыйыр массаж жасоо ыкмаларын маникенде жасап үйрөнүштү. Тренингдин соңунда аны уюштуруучу ОшМУнун «Табият таануу жана агрардык технологиялар» факультетинин доценти, КР туризм агенттигинин эксперти Эрнист Айылчиев экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын окутуучуларына ыраазычылыгын билдирди.