• Новости
  • Экстремальная медицина и безопасность жизнедеятельности

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 32 жылдыгына арналган илиий-практикалык конференция өттү

2024-05-25 09:24:55 27

Ош аскер госпиталында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 32 жылдыгына арналган илиий-практикалык конференция өттү 2024-жылдын 24-май күнү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу 34594 аскер бөлүгү, Ош аскер госпиталы тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 32 жылдыгына арналган “Жаңы чакырыктар шартында заманбап аскердик мединанын актуалдуу маселелери” аттуу темада илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий конференцияга 01003 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары Т.М. Тыныстанов, ООАБКО №2 хирургия бөлүмүнүн башчысы м.и.д., профессор А.А.Шакиров, ОшМУнун экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын башчысы м.и.к, доцент Т.Т.Орозматов, ОшМУнун хирургиялык оорулар кафедрасынын башчысы м.и.к., доцент Т.Ж.Осмонов, Ош санитардык-эпидемиологиялык борбордун башчысы Э.М.Абышов ж.б. катышышты. Бул иш-чара Ош аскер госпиталынын командири медицина кызматынын полковник А.Ш.Курманкулов жана жалпы жамаат тарабынан уюштурулган. Ошондой эле конфернциянын угуучулары катары экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын окутуучулары катышып, согуш патологияларынын жана эвакуация этаптарында медициналык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүнө арналган докладдарды угушту жана сертификатка ээ болушту.