Медицина факультетинин студенттеринин өз алдынча иштеринин презентациясы!

2024-05-29 08:23:09 36

16-22-24-май күндөрү медицина факультетинин студенттери Орозбаева Нураида, Асилбеков Сыймык, Мамарасулова Аймончок ОшМУнун “Ыйман” гимназиясына, ТТАТ факультетине жана Ош курулуш техникумуна барышып, студенттерге “Тиш гигиенасы”, “Тамекинин ден соолукка зыяндуулугу” деген темаларда семинар өтүштү. Иш чара “Эл алдында сүйлөө, анын талаптары” деген тема боюнча өз алдынча иштин презентациясы (жетекчиси доцент Алиева Фарида Эсеновна) катары даярдалып, өткөрүлдү. Семинарлар суроо-жооптор, кызыктуу көрмө тасмалар, слайддар менен коштолду. Катышкан студенттер тема боюнча илимий жактан тастыкталган маалыматтарды алышкандыгын жана турмуштагы маанисин белгилөө менен ыраазычылык билдиришти. Иш чарага жогоруда аталган түзүмдөрдүн тарбия иштери боюнча жооптуу окутуучулары катышып, студенттердин презентациясын, сүйлөө көндүмдөрүнүн жогорку деңгээлде экендигин белгилешип, мындай саамалыкты улантууну сунушташты.