• Новости
  • ЭПИДЕМИОЛОГИЯ, МИКРОБИОЛОГИЯ С КУРСОМ ИНФЕКЦИОННЫХ БОЛЕЗНЕЙ

EPIDEMIOLOGY // NEWS

2024-05-30 01:11:26 32

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайда сыйлоо аземи болуп өттү. Салтанатта ректор Кудайберди Кожобеков университеттин өнүгүшүнө салым кошуп, билим берүү, илим изилдөө, саламаттыкты сактоо жаатында эмгек сиңирген, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген профессордук-окутуучулук курамга, кызматкерлерге “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгисин, Ардак грамотасын, алкыш баракчасын, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле мааракеге карата жиберилген Экономика жана коммерция министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ош облусунун, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык Кеңешинин, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин, Ош облустук профсоюз комитетинин төш белгилерин, Ардак грамоталарын өз ээлерине жеткирди. ______________________________________________________________________ Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар кафедрасынан м.и.д., профессор С.Т. Жолдошовго"ОшМУга эмгек синирген ишмер" тош белгиси ыйгарылды. Ошондой эле сыйлоо аземинде Байгасиева А.А., Маткеримова Б.М., Кайназарова Ж.К. эжекелерибизге куттуктоо, сый корсотулду.