2024-06-01 11:45:37 107
Ош шаарында биринчи жолу “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору” аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү эл аралык форуму болуп өттү. Мында аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин айкалыштыруу маселелери талкууланууда. Аталган форумда "Фармацевтикалык химия жана дары каражаттарынын технологиясы" кафедрасында х.и.к., доцент Боронова З.С. жана Жунусалиева Э.Ж. жетекчилиги астында студенттин аткарылып жаткан проекттин алкагында ойлоп табылып, технологиясы иштелип, алынган продукциялар көргөзмөгө коюлуп, өз кардарларын таба алды. Айта кетсек, аталган студент ОшМУнун Бизнес паркында биринчи орунга ээ болгон.