Тюмень медициналык делегациясынын ОшМУга визити

2024-06-02 13:26:54 37

Тюмень медициналык университетинин проректору м.и.д, профессор, А.Ю Ефанов ОшМУнун 85 жылдыгына жана Медицина факультетинин профессору Ы. Жолдубаевдин 80 жылдыгына арналган мааракесине конок болуп келди. Программага ылайык пленардык отурумдарга, секциялык иштерге катышуудан тышкары ОшМУ нун ректору К.Г.Кожобеков менен жолугушуп ТМУ нун ректорунун атынан белек тапшырды. К.Г. Кожобеков ТМУнун проректору А.Ю.Ефановго “Мыкты эл аралык партнер ” номинациясындагы диплом ыйгарды. Тюмень медициналык университети менен ОшМУ нун биргелешкен билим беруу программасындагы студенттер быйылкы биринчи курсту аяктоодо. ТМУнун проректору А.Ю.Ефанов Тюмень медициналык университети менен ОшМУ нун биргелешкен билим беруу программасында окуп жаткан студенттер менен жолугушуп пикир алышты. Андан сырткары окуу процессине тиешелуу документтердин озгочолуктору менен таанышты. 2024-2025 окуу жылынын кабыл алуусуна 15 тен кем эмес студент алууну сунуштады. Медицина факультетинин деканы И.Т. Ыдырысов факультеттин атынан ТМУ нун жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Медицина факультетинин ОМК торайымы А.Т.Турсунбаева жана Д.Ж.Жообасарова ТМУдан келген делегацияны медицина факультетинин окуу процесси менен тааныштырды, эки университеттин кызматташуусуна албан албан ийгилитерди каалайбыз.