• Новости
  • Экстремальная медицина и безопасность жизнедеятельности

ЭМ жана ӨК кафедрасында басмадан чыгарылган «Аскер медицинасы» аттуу окуу куралы мыкты деп табылып, окутуучулар ардак грамота менен сыйланышты

2024-06-27 09:29:03 14

"Заманбап лектор", "Заманбап СРС", "Педагогикалык дебют", "Мыкты окуу-усулдук колдонмо» конкурсу ОшМУнун Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан 2023-24-окуу жылында окутуучулар арасында уюштурулган "Заманбап лектор", "Заманбап СРС", "Педагогикалык дебют", "Мыкты окуу-усулдук колдонмо» конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. 2024-жылдын 26-июнь күнү ОшМУнун башкы имаратында жеңүүчүлөргө сертификат, ардак грамоталар тапшырылды. Экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын улук окутуучусу Ы.А.Перханова жана окутуучулары А.Ш.Курманкулов, К.М.Бекиевдер тарабынан даярдалып, басмадан чыгарылган «Аскер медицинасы» аттуу окуу куралы мыкты деп табылып, окутуучулар ардак грамота менен сыйланышты