Методикалык кеңештин отуруму

2024-10-14 07:26:49 12

Табигый илимдер дисциплиналар кафедрасында 9-октябрь күнү кафедранын методикалык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда 1-курстун студенттеринин базалык билимдерин диагностикалоо үчүн өткөрүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча З.С. Ажибаева маалымат берди. Заседаниенин жүрүшүндө тестирлөөнүн жыйынтыгына анализ жүргүзүлүп, химия жана биология боюнча студенттерге татаал болгон темалар талкууланды. Жыйынтыгында, студенттерге бул темаларды калыптандыруу боюнча кошумча консультацияларды уюштуруунун графиги бекитилди.