MORPH NEWS: Спорт - ден соолуктун булагы

2024-10-15 08:51:03 10

Мугалимдер күнүнө карата ОшМУнун медицина факультетинин деканаты жана профсоюз уюму тарабынан профессор-окутуучу курамдын ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү. Анда медицина факультетинин кафедраларында эмгектенген окутуучулардан түзүлгөн курама командалар спорттун "воллейбол" (агайлар, эжекелер), "футбол" (агайлар), "стол тенниси" (агайлар, эжекелер) түрлөрү боюнча күч сынашышты. Спорттук мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Гистология жана патанатомия кафедрасынын окутуучулары да аталган мелдешке активдүү катышышты. Спорттун "воллейбол" (эжекелер) түрү боюнча "Гистология, акушерство гинекология жана хирургиялык оорулар" курама командасы 3-орунду, "футбол" түрү боюнча (агайлар) "Гистология, ЕНД, анатомия, урология" курама командасы да байгелүү 3-орунду багындырышты.