2024-10-21 05:59:16 42
16-сентябрда 2024-жылы "Заманбап стоматология дүйнөсү" аттуу эл аралык илимий конференция өттү. ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистиги, Кыргыз Республикасынын стоматологдор ассоциациясы, Ош шаарындагы жалпы стоматологияны өнүктүрүү коомдук фонду жана алыскы Америка Кошмо Штаттарынан келген конок-лекторлор менен биргеликте 20 жылдан бери түзүлгөн жемиштүү мааракеси белгиленди. Конференциянын максаты-стоматология тармагындагы заманбап тенденциялар, инновациялык технологиялар жана практикалык чечимдер боюнча билим алмашуу жана тажрыйба бөлу. Иш-чарага келген коноктор өздөрүнүн изилдөөлөрү, жаңы ыкмалары жана методикалары тууралуу баяндап, стоматологиялык практикадагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистиги конференциянын уюштуруучуларынын бири болуп, стоматология тармагында ар тараптуу өнүгүүнү жана илимдин жаңы багыттарын изилдөөнү колдойт. Кыргыз Республикасынын стоматологдор ассоциациясы жана Ош шаарындагы жалпы стоматологияны өнүктүрүү коомдук фонду дагы иш-чаранын маңыздуу бөлүгү болуп, стоматологиялык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган иштерин көрсөтүштү. Конференциянын негизги бөлүгү Америка Кошмо Штаттарынан келген конок-лекторлордун баяндамаларына арналды. Алар стоматологиядагы акыркы изилдөөлөрү, жаңы технологиялар жана клиникалык практикадагы жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти. Мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар, стоматология адистеринин профессионалдык өсүүсүнө жана жаӊы ачылыштарды киргизүүгө зор мүмкүнчүлүк берет. Америка Кошмо Штаттарынан келген конок-лекторлор "Заманбап стоматология дүйнөсү" эл аралык илимий конференциясынын жыйынтыгында ОшМУнун стоматология адистигинде билим алып жаткан үч студентти окууда жана коомдук иш-чаралардагы мыкты жетишкендиктери үчүн стипендия менен сыйлашты. Бул стипендиялар студенттердин билимге умтулуусун жана коомдук иштерге активдүү катышуусун баалоо катары тапшырылып, алардын мындан аркы өнүгүүсүнө түрткү болот. Стоматология адистигинин студенттерин билим алууга шыктандыруу максатында, Америкалык стоматологиялык команда жана Жалпы өнүктүрүү коомдук фонду тарабынан 5 жыл бою жыл сайын 1000 долларлык сыйлоо стипендиясы бөлүнүп берилди. Бул демилге студенттердин билимге умтулуусун колдоо жана алардын кесиптик өнүгүүсүнө сапаттуу, заманбап билим алуусуна эбегейсиз өбөлгө түзөт.