• Новости
  • Ортопедическая стоматология с курсом ортодонтии

Семинарлар жана квалификацияны жогорулатуу

2024-10-21 06:19:23 94

2024-жылдын 14-15-сентябрында Бишкек шаарында өткөн V Эл аралык жалпы стоматология симпозиумуна ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистигинин окутуучулары: м.и.д., профессор Ешиев А.М., м.и.к., доцент Арстанбеков М.А., м.и.к., доцент Исмаилов А.А., окутуучу Ахматов А.Т., окутуучу Минбаев З.У. жана окутуучу Смагулов Э.Б. катышып келишти. Бул симпозиум Кыргыз Республикасынын Стоматология Ассоциациясынын колдоосу менен Жалпы Стоматологияны өнүктүрүү борбору жана Global Dental Alliance (GDA) ортосундагы кызматташтыктын 20 жылдыгына арналган иш-чара болуп, ага Америка Кошмо Штаттарынан, Түштүк Кореядан жана жакынкы мамлекеттерден келген белгилүү стоматологдор, илимпоздор катышты. Симпозиумдун негизги максаты - стоматология жаатындагы акыркы жетишкендиктер менен бөлүшүү, жаңы технологиялар жана инновациялык дарылоо ыкмаларын талкуулоо, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Симпозиум алкагында ар кандай презентациялар, мастер-класстар жана дискуссиялар уюштурулуп, заманбап стоматологиялык дарылоо жолдору жана изилдөөлөр боюнча маанилүү маалыматтар сунушталды. Бул симпозиум стоматология тармагындагы эл аралык деңгээлде кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле адистердин тажрыйба алмашуусуна чоң салым кошту.