• Новости
  • Фармацевтическая химия и технология лекарственных средств

ОшМУда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө аялдардын орду тууралуу форум уюштурулду

2024-10-22 08:54:44 67

Бүгүн, 22-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө аялдардын орду: кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы форум болду. Ага президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн, Ош облусунун аялдар кеңеши, билим берүү, маданият, коомдук, саясий турмушка салым кошкон аялдар чакырылды. Аталган иш чарага «Фармацевтикалык химия жана дары каражаттарынын технологиясы» кафедрасынан доцент Боронова З.С., Айтиева М. жана башка кафедранын мучолору катышышты.