• Новости
  • Ортопедическая стоматология с курсом ортодонтии

Стоматологиянын перспекдивдик келечеги - конференция

2024-10-29 06:29:54 71

2024-жылдын 26-октябрында Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусундагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Стоматологиялык Ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы стоматология кызматынын абалы жана өнүгүү перспективалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда Кыргызстандагы стоматологиялык кызматтын учурдагы абалы, андагы орчундуу маселелер жана келечектеги өнүгүү багыттары боюнча кеңири талкуулар жүргүзүлдү. Иш-чарага стоматология адистигинин профессордук-окутуучулук курамы толугу менен катышты. Төмөнкү агай-эжелер өз баяндамаларын окушуп, стоматологиялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча бир катар сунуштарды ортого салышты: • “Многопрофильный подход к лечению челюстных деформаций: сочетание хирургии и ортодонтии.” Баяндамачылар: Ешиев А.М., д.м.н., профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү жана Ешиев Д.А., к.м.н. • “Ош облусунун жана Ош шаарынын мектептериндеги стоматологиялык кызматтын абалын комплекстүү баалоо.” Баяндамачы: Исмаилов А.А., м.и.к., доцент, ОшМУнун терапевтикалык стоматология балдар терапевтикалык курсу менен кафедрасынын кафедра башчысы. • “Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы стоматологиялык кызматтын бүгүнкү абалы жана эртеӊки келечеги.” Баяндамачы: Сыдыков А.М., Кыргыз Республикасынын Стоматологиялык Ассоциациясынын түштүк региону боюнча вице-президенти, ООСБнын директору. • “Влияние насвая на твердые ткани зуба и слизистой оболочки полости рта.” Баяндамачы: Мамаева А.Т., ОшМУнун терапевтикалык стоматология балдар терапевтикалык курсу менен кафедрасынын окутуучусу. • “Оптимизация лечения флегмоны дна полости рта, шеи и реабилитация.” Баяндамачы: Азимбаев Н.М., к.м.н., ОшМУнун хирургиялык стоматология , балдар хирургиялык стоматология курсу менен кафедрасынын кафедра башчысы. • “Влияние различных энергетических напитков на твердые ткани зубов у студентов Ошского государственного университета.” Баяндамачы: Абдирасулова Т.А., ОшМУнун ортопедиялык стоматология ортодонтия курсу менен кафедрасынын окутуучусу. • “Инновационные методы и технологии применяемые в амбулаторной хирургической стоматологии.” Баяндамачы: Курманбеков Н.О., к.м.н., ОшМУнун хирургиялык стоматология балдар хирургиялык стоматология курсу менен кафедрасынын улук окутуучусу. • “Сравнительный анализ минерального состава Кара-Шоро, влияние на твердые ткани зубов.” Баяндамачы: Акунов Н.А., ОшМУнун ортопедиялык стоматология, ортодонтия кафедрасынын окутуучусу. • “Эпидемиологические особенности заболеваний полости рта у жителей, проживающих вблизи урановых хвостохранилищ.” Баяндамачы: Асанов А.К., ОшМУнун хирургиялык стоматология балдар хирургиялык стоматология курсу менен кафедрасынын окутуучусу. Конференциянын соңунда катышуучулар стоматология тармагында орун алган көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешип иш алып баруу жана жаңы изилдөөлөрдү колдоо тууралуу пикир алмашышты. Бул иш-чара, өлкөдө стоматологиялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында адистердин ортосундагы илимий байланыштарды чыңдоого жана заманбап ыкмаларды практикага киргизүүдө чоң мааниге ээ болду.