2024-10-31 07:45:28 96
2024-жылдын 29-октябрь күнү Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасында “Илим күнү-2024” арналган кафедралык илимий - практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага чакырылган конок - Коргоо министирлигинин Ош госпиталынын командири, полковник Курманкулов А.Ш. кириш сөз айтып, катышуучуларга ийгилик каалоо менен бирге конференцияны ачып берди. Конференциянын жыйынтыктары төмөндөгүдөй болду: I. Конференцияга бардыгы болуп- 11 доклад менен 13 студент катышты. II. Баяндамалардын жыйынтыгы боюнча: 1) Дарылоо иши адистигинин 3-курсунун Пр-1 агымынын студенти Ражапова Мээримгүл “Варикоцеле у военнослужащих в южном регионе Кыргызской Республики” аттуу эмгеги менен 1-орунду ээледи. 2) Дарылоо иши адистигинин 3-курсунун Пр-3 агымынын студенти Алтынбек кызы Айдай "Использование искусственного интеллекта в оказании медицинской помощи на поле боя" аттуу доклады менен 2 -орунду ээледи. 3) Дарылоо иши адистигинин 3-курсунун Пр-25 агымынын студенти Ырысмаматова Альбина “Сердечно-легочная реанимация при ЧС на догоспитальном этапе” темасы боюнча доклады менен 3 -орунду ээледи.