2024-11-07 09:19:09 181
2024-жылдын 6-ноябрьда Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 10-ноябрь илим күнүнө карата: "Студент жана илимий-техникалык прогресс ХI" аттуу медицина факультетинде студенттердин илимий XXIX-конференциясы откорулду. Мында 3 секция иш алып барып, жалпы 72 доклад окулду.Илимий конференцияны медицина факультетинин деканы,м.и.д., профессор Ыдырысов Исматилла Токтосунович ачып берип, куттуктоо үчүн Ош мамлекеттик университетинин аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы б.и.к.,доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси физ.-мат.и.к., доцент Анарбаева Гулжамал Маматовна, "Ортопедиялык стоматология ортодонтия курсу менен" кафедрасынын м.и.к.,профессор Арстанбеков Маматжан Арстанбекович жана "Жалпы,клиникалык биохимия жана патофизиология" кафедрасынын профессору УИА корреспондент мүчөсү Жумабаева Тасилкан Токтоматовна куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.Пленардык жыйында доклад окуган Нурбек кызы Айпериге, Салиева Мафтунага жана Кадырова Лазизага ошондой эле 1-2-3-секциядагы 1-2-3-даражадагы дипломдорго ээ болгон студенттерибизге медицина факультетинин деканы профессор Ыдырысов Исматилла Токтосунович жана профессор Жумабаева Тасилкан Токтоматовна 2024-жылдын 30-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде болуп өтө турган "Студент жана илимий-техникалык прогресс ХI" аттуу аймактык конференцияда ийгиликтерди каалашты.