2024-11-29 10:01:36 76
Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын улук окутуучусу Перханова Ы.А., окутуучулар Махмудова Н.Ш., Жусупбаев Н.А., Кулданова А.У. жана Эрмекбаев Н.Ж., Мырзабекова А.Ч., Курманбек у Ө., Турапов Т.Н., З.У. Төлөновалар 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата “СПИД –бул стигмабы же дискриминациябы?” деген темада иш-чара өткөрүштү. Бул иш-чарага “Педиатрия” адистигинин 1,2,3-агымдары, “Дарылоо иши” адистигинин 5-агымы,33—агым, 11- агым “Фармация” адистигинин 1-агымынын студенттери катышышты. Алгач студенттерге суроолор менен карточкалар таркатылып алар аны тобокелчилиги жогорку, төмөн же жок деген чектик сызыкчаларды көрсөтүү менен белгилешти. Суроо-жооптор берилди акырында СПИД жөнүндө видео көрсөтүү менен жыйынтыкталды.