• Новости
  • Кафедра естественнонаучных дисциплин

"1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк Спидке каршы күрөшүү" күнү

2024-12-02 03:56:01 34

2024 - жылдын 29-ноябрь күнү Табигый илимдер дисциплиналар кафедрасы тарабынан окутуучулары куратордук агымдары менен Мейматкулова Г.Ш жана Каримова Ж.К "1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк Спидке каршы күрөшүү" күнүнө карата ПР-19-20, ЛК-30-31 агымдарынын студенттери менен биргеликте иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарага медицина факультетинин тарбиялык иштеринин орун басары Ташиева А.С , окуу методикалык кенешинин төрайымы Турсунбаева А.Т, окутуучулар, студенттер катышты. Бул иш чарада ВИЧ инфекциясынын алдын алуу, сактануу эрежелери жөнүндө кеңири маалымат берилди. Кыргызстанда азыркы учурга жаны статистикакалык маалыматтар презентация түрүндө чагылдырылды. Катышуучулар угушуп өздөрү кызыккан суроолорун берип жооп алышты. Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз жана окууларына,иштерине ийгилик каалайбыз!