2024-12-02 09:47:26 108
30-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аталышындагы он биринчи аймактык студенттик илимий конференция уюштурулду. Иш-чарага түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан илимий макалалары менен 450гө жакын алдыңкы студенттер, магистранттар жана 150гө чукул алардын илимий жетекчилери катышты. "Фармацевтикалык химия жана дары каражаттарынын технологиясы" кафедрасынан Асилбек к Айжаркындын жетекчилиги астында Саттаров Нурсейит катышып, 3-даражадагы дипломго ээ болду.