Административдик кеңеш

2024-12-02 11:17:09 60

Бүгүн 02.12.2024 ж. Медицина факультетинин административдик кеңешинде маанилүү маселелер каралды. Жыйындын негизги темалары болуп төмөнкүлөр болду: 1.Коррупция менен күрөшүү: Жыйында коррупцияны жоюу жана аны алдын алуу боюнча стратегиялар талкууланды. 2.Аккредитацияга даярдык: Бул маселеде аккредитация талаптарына ылайык иш-аракеттерди жандандыруу жана атайын иш планынын үстүндө иштөө зарылдыгы айтылды. 3.KPI боюнча маалымат: Жыйындын жүрүшүндө негизги иш-аракеттердин натыйжалуулугун баалоо жана көрсөткүчтөр боюнча маалыматтар берилди.