2024-12-03 05:10:37 28
2024-жылдын 26-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк диабет күнүнө карата “Диабет жана бейтаптардын жыргалчылыгы” ураанынын негизинде конференция өткөрүлдү. Конференция Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын конференция залында өткөрүлүп, облустун эндокринолог дарыгерлери жана райондордогу үй-бүлөлүк дарыгерлер катышты. Терапиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Айтиева Айниса Камаловна конференцияда диабетти дарылоо, алдын алуу ыкмалары боюнча доклад окуду.