• Новости
  • Военно-медицинская подготовка и безопасность жизнедеятельности

Аскер бөлүктөгү практикалык сабактар.

2024-12-10 05:56:17 50

Аскердик медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын практикалык базасы болуп саналган Ош аймактык аскер госпиталынын командири полковник Курманкулов Арстанбек Шергазиевичтин уюштуруусунда Медицина факультетинин дарылоо адистигинин 3-курсунун Пр-3, Пр-13, Пр-10, Пр-26 жана Пр-28 агымдарынын студенттерине 2024-жылдын 9-декабрында Ош шаарынын Кулатов кичи районунда жайгашкан В/ч 36806 аскердик бригаданын аймагында ”ВМП” предметинин практикалык сабактары өтүлдү. Студенттерди жана кафедранын кафедра башчысы Т.Орозматов, окутуучулары Перханова Ы.А., Махмудова Н.Ш. жана Жусупбаев Н.А.ны №36806 бригаданын командиринин орун басары тосуп алып, Аскер бөлүктүн күнүмдүк жашоосу менен, медицина кызматы жана медициналык пунктунун иш тартиби, кызматтык милдеттери менен жакындан таанышып баарлашышты. Мындан сырткары аскердик ашканада жана жоокерлердин жатаканасында болушуп, ал жерде тамак-аш даярдоо талаптарын, иш тартибин жана санитардык-гигиеналык абалын көрүп ыраазы болушту. Акырында студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып кайтышты. Бул иш-чара бир апта бою жүргүзүлмөкчү.