2024-12-10 11:05:31 38
6-9 декабрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучу курамынын арасында футбол боюнча спартакиада болуп өттү. 6-декабрь күнү 40 жаштан жогору агайлар арасында футбол мелдеши уюштурулуп, биздин медициналык факультеттин курама командасы тарыхта биринчи жолу 2-орунду ээледи. Бул жеңишке курама команда курамындагы Ортопедиялык стоматология ортодонтия курсу менен кафедранын агайы Арстанбеков Сабырбек Рустамович чоң салым кошту. 7-9 декабрь күндөрү 40 жашка чейинки курама командалар арасында мелдеш болуп өтүп, медициналык факультеттин курама командасы дагы бир жолу тарыхый ийгиликке жетишип, 2-орунду багындырды. Команданын курамында биздин Хирургиялык стоматология кафедрасынын агайлары: Азимбаев Нурланбек Мухтаралиевич, Курманбеков Нурсултан Осмонкулович, Эрмеков Эртабылды Омуралиевич, Беков Шэйх Бекович, Жаныбай уулу Амантур, Назаров Медетбек Нурбекович, Ортопедиялык стоматология ортодонтия курсу менен кафедранын агайы - Маматкулов Шахобидин, ошондой эле фармация адистигинин агайлары - Султанов Нурсултан жана Алмазов Алманбет бар. Ошондой эле Урология, онкология жана теривенерология кафедрасынын агайы Ашурали уулу Шерзод дагы бул мелдешке активдүү катышты. Медициналык факультеттин курама командасынын ийгилиги жалпы жамаат үчүн чоң сыймык жана дем-күч болду. Бардык катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!